Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Министр "Аю" компаниясын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүшкөнүн билдирди


"Аю" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов. Иллюстрация.
"Аю" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов. Иллюстрация.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Аю" компаниясынын мамлекетке өткөнү боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Министр компания өз ыктыяры менен өткөрүлгөнүн билдирди.

“Биринчиден, бул соттун чечими менен алынган маселе эмес. Бул өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш. Эгер соттун чечими менен барып, кандайдыр манипуляция кылып алса, анда рейдерлик абал болмок. Ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок”, - деди Амангелдиев.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Ал "Аю" заводу "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди комментарийлеп, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.

Азырынча "Аю" компаниясынын өкүлдөрү бул боюнча комментарий бере элек.

"АЮ Холдинг" мындан 20 жыл мурда негизделген. Холдингдин курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкалар бар. Анын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти.

Ал Канат Исаев менен катар "Кыргызстан" партиясын түптөгөн. 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин ал Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда айрым маалыматтар боюнча Дубай шаарында жашайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG