Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Трамп мурдагы адвокатына 500 миллион долларлык доо койду


Майкл Коэн жана Доналд Трамп 
Майкл Коэн жана Доналд Трамп 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мурдагы адвокаты Майкл Коэнге каршы 500 миллион долларлык доо койду.

Трамп Майами федералдык сотуна кайрылып, Коэнди "жалган маалымат тараткан, 74 миң доллар өлчөмүндөгү бизнес чыгымдарын туура эмес көрсөткөн, жеке жашоочу, анын ичинде маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимин бузган" деп айыптоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Экс-президент өзү порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп, 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда.

Нью-Йорк штатында мындай көрүнүш отчетторду жасалмалоо деп эсептелип, ага кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бул иштин алкагында 2018-жылы Трамптын юристи Майкл Коэн үч жылга соттолгон.

Манхэттендеги арачылар соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып тагуу чечимин колдогон. Муну менен ал кылмыш иш ачылып жаткан алгачкы экс-президент болуп калды. Трамп айыптарды четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады жана 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу планынан баш тартпай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG