Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстанда бизнести 2026-чейин өнүктүрүү программасы сунушталды


Кыргызстанда бизнести 2026-чейин өнүктүрүү программасын талкуулоо учуру. 17-апрель, 2023-жыл.
Кыргызстанда бизнести 2026-чейин өнүктүрүү программасын талкуулоо учуру. 17-апрель, 2023-жыл.

17-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстанда бизнести 2026-чейин өнүктүрүү программасы талкууланды. Программа Министрлер кабинетинин 22-февралдагы токтому менен бекитилген.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жыйында бул программа ишкер чөйрөнү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты түзүүгө багытталганын билдирди. Анда экономикага сырттан таасир этчү факторлорго каршы антикризистик чаралар, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылган системалык чаралар камтылган.

Программанын алкагында 2026-жылга чейин ишкерлерге фискалдык жеңилдиктерди берүү, административдик процедураларды жөнөкөйлөтүү жана тармактык өндүрүштөргө шарт түзүү пландалган.

Жыйынга катышкан айрым ишкерлер программада эске алынбай жагдайлар бар экенин айтып, фирмаларды каттоодо жана тейлөөдө мамлекеттик органдардын убара кыла берген көрүнүшүуланып жатканын белгилешти.

Талкууну Кыргызстандагы Америка соода палатасы менен Экономика жана коммерция министрлиги чогуу уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар, жеке ишкерлер жана эксперттер катышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG