Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Чукул кабар: дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт


Нарын, иллюстрациялык сүрөт.
Нарын, иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, Кыргызстанда 17-18-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

"17-18-апрелдерде жана 19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, 17-18-апрелдерде Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу ыктымал. 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айрым кан жолдордо, ашууларда катуу кар жаап, бороон болуп жатканын кабарлаган. Мындан улам Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзмөл бекетинде машиналарга убактылуу чектөө киргизилген. Ысык-Көл облусунда Сөөк ашуусундагы кар, борошодон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу жабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG