Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди


Сосновка көзөмөл бекети, архивдик сүрөт.
Сосновка көзөмөл бекети, архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 17-апрелде саат 14.30дан тартып жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилгенин кабарлады. Буга байланыштуу кошумча маалымат аздан соң берилерин билдирди.

Аталган министрлик бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө коюлганын кабарлаган. Учурда Сосновканын жанындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат.

"Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк машиналарга жайкы дөңгөлөк тагылган. Ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын",- деп билдирген министрлик.

Учурда өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон уруп жатат. Кар, борошодон улам Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 16-17-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG