Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Түркмөнстандын президенти 463 жаранга мунапыс жарыялады


Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов мусулмандардын ыйык Орозо айындагы Кадыр түндүн урматына 463 жаранга ырайым берди.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, мунапыс тууралуу тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду.

Бердымухамедов облустук, райондук жана шаардык администрациялардын башчыларына ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоону тапшырды.

Түркмөн президенти жыл сайын Кадыр түнгө карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG