Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:27

Өзбекстанда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы алган белектердин тизмеси жарыяланды


Акмал Бурханов
Акмал Бурханов

Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мекеме башчысы Акмал Бурханов алган белектердин тизмесин жарыялады.

Өзбекстанда 13-мартта мамлекеттик кызматкерлер кызматтык сапарларда, эл аралык жана жергиликтүү расмий иш-чараларда ала турган белектердин баасы тууралуу жобо бекитилген. Анда бардык мамлекеттик органдар мындай белектердин реестрин түзүүгө милдеттендирилген. Ошол эле маалда аларды ачык жарыялоо талабы жазылган эмес.

Бирок Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өз демилгеси менен мекемени 2020-жылдын июль айынан бери башкарып келаткан жетекчиси Акмал Бурханов алган белектердин тизмесин жарыялады.

Алты асем буюм жана колго тартылган сүрөттөрдөн турган белектердин жалпы баасы 14,57 миллион сумга (1 250 доллар) бааланган. Алардын эң кымбаты катары Египеттин Административдик көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси берген белек көрсөтүлгөн – кара түстөгү кутунун үстүндөгү жыгачка орнотулган металл статуэтка 3,2 миллион сумга бааланган.

Белектердин тизмесинде ошондой эле Бурхановго Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Ооганстандын мамлекеттик органдарынын атынан берилген белектер да көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик кызматкерлер кызматтык сапарларда, эл аралык жана жергиликтүү расмий иш-чараларда ала турган белектердин баасы тууралуу жобого ылайык, эгер белектин баасы төрт базалык эсептик көрсөткүчтөн (1,2 миллион сум) аз болсо, ал жумушчунун өзүндө калат. Андан көп болсо мамлекеттик органдын балансына өтүп, ал мекеменин керектөөлөрү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG