Бишкек шаарында 18-апрелде айрым окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөнүн шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат түшкөндөн кийин бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор иштеп жатат. Ал жерлерди күч органдарынын кызматкерлери курчоого алганы да белгилүү болду.
Милиция билдиргендей, кабар № 67, 90, 63, 51 жана бир катар мектептер боюнча түшкөн.
Kaktus.media басылмасы Борбор Азиядагы Америка университетинин лицейинде, Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетинин жана Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имараттарында да эвакуациялоо иштери жүргөнүн жазды.
20-январда да Бишкектеги бери дегенде беш мектептин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшүп, окуучулар эвакуацияланган. Текшерүү учурунда бомба коюлбаганы маалым болгон.
Былтыр декабрда милиция №4 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу 102 кызматына анонимдүү маалымат түшкөнүн кабарлаган. Милициянын ыкчам тобу барып мектепти курчоого алып, окуучулар жана мугалимдер имараттан чыгарылган. Мэриянын басма сөз кызматы эч кандай жардыруучу зат табылбаганын маалымдаган. (TAb)