Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы сотто карала баштады


ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму. 18-апрель, 2023-жыл.
ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму. 18-апрель, 2023-жыл.

18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча алдын ала угуу өттү.

Ишти райондук соттун судьясы Жамиля Акылбекова карай баштады. Доогер жана жоопкер тараптын өтүнүчү менен соттук жараянды видеого тартууга уруксат берилди.

ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов Финансы министрлиги менен Энергетика министрлигинин өкүлдөрүн кийинки сотко күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтирип, судья аны канааттандырды.

“ПолитКлиниканын” адвокаттары доогерлер “ПолитКлиника” чыгарган материалда кайсы сөздөр чындыкка дал келбей турганын тактап берүүнү суранып, ал да колдоо тапты.

Иштин мазмунун кароо 17-майга белгиленди.

ЭлТР “ПолитКлиника” медиасынын “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Канал сөз болуп жаткан материалды интернеттен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, ЭлТРдин доосун сөз эркиндигине басым деп баалап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG