Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-апрелде Кыргызстандын туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарыны айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетет.

18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 72-107-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолундагы Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 192-211-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 10…12 градус жогору болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG