Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Өкмөттө Орусияга балык, эт жана сүт экспортун көбөйтүү талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев 19-апрелде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Төрөбаев тийиштүү мекеме-министрликтин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

“Экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана негизи эле экспорттун көлөмүн жогорулатуу өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт, экономикада өсүш болуп, бюджет толот. Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл”, - деген Төрөбаев.

Жыйын соңунда ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу үчүн ички ченемдик укуктук актыларды карап чыгуу, ихтиология боюнча тиешелүү адистерди жана лабораториялардагы адистерди кыска мөөнөттө окутуу, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана өз жумушуна шалаакы мамиле кылган жоопту кызматкерлерге чараларды көрүү тапшырмалары берилди.

Ушул айдын башында Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан. Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат.

Расмий маалыматта, былтыр Кыргызстандан 2,5 миң тонна эт азыктары Орусия менен Казакстанга сатылган. 2019-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсе аз болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG