Бээжин: Ооруканадагы өрттөн 29 киши каза тапты
Бээжиндеги ооруканада чыккан өрттө каза тапкандардын саны 29га жетти, ондогон киши жараат алды. Орус армиясы Одессага "Шахед" дрондору менен сокку урду. Кемпир-Абад иши боюнча жарым жылдан бери тергөө абагында отурган Рита Карсартованын мөөнөтү дагы эки айга узарды. Жогорку Кеңеште латын арибине өтүүгө даярдык тууралуу сөз болду.