Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

Аба ырайы: ашууларда көчкү коркунучу бар


Төө-Ашуу
Төө-Ашуу

Шашылыш билдирүү!

21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

21-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 15…17 градус жогору болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG