Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:11

Өзбекстанда совет доорунда репрессияланган 208 адам акталды


Репрессия курмандыктарына арналган мемориал. Ташкент.
Репрессия курмандыктарына арналган мемориал. Ташкент.

Өзбекстандын Жогорку Соту совет доорунда репрессияга кабылган 208 кишини актады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Фергана, Кашкадарыя жана Самарканд облустарында жашашкан.

2022-жылы декабрда бул өлкөдө СССР учурунда репрессияга кабылган 173 адам акталган.

1937-1953-жылдары өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн 100 миңден ашык өзбек репрессияланганы айтылып келет. Алардын ичинен 13миңден ашууну атууга кетип, миңдеген адам сүргүнгө айдалган.

2021-жылдын 31-августунда Шавкат Мирзиёев өзбек элинин мыкты өкүлдөрү советтик репрессиялардын курмандыгы болгонун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG