Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Президент Жапаров латын арибине өтүүгө эрте экенин билдирди


Президент Садыр Жапаровдун Каныбек Осмоналиевди кабыл алган учуру. 20-апрель, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун Каныбек Осмоналиевди кабыл алган учуру. 20-апрель, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 20-апрелде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Анда кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Каныбек Осмоналиев президентке 2021-2025-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди жакшыртуунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Комиссиянын жетекчиси ошондой эле талкууланып жаткан “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берди.

Президент Жапаров мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын чараларын канааттануу менен белгилеп, бардык жарандар тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнүн мааниси тууралуу айтты.

Мындан сырткары Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын арибине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латын арибине өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, – деди анда президент Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам экинчи окууда кабыл алынды. Аны талкуулоо учурунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин айткан. Ал бир нече вариант даяр турганын, президент саясий чечим кабыл алса, латын арибине өтсө болорун билдирген.

Кыргызстан учурда жазууда кириллицаны колдонот. Латын арибине өтүү боюнча чакырыктар буга чейинки бийликтердин тушунда көп жолу айтылганы менен иш башталган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG