Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Былтыр банктар 92 миллиард сомдон ашык киреше тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы каржы секторундагы ишканалар 2021-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көп каражат таап, киреше 106 миллиард сомго жакындады. Анын ичинен коммерциялык банктар 92 миллиард 597 миллион сом, чакан кредиттик уюмдар 9 миллиард 106 миллион сом, күрөөканалар 1 миллиард 128 миллион сом, камсыздандыруу уюмдары 2 миллиард 857 миллион сом пайда көрдү.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылы каржы тармагында 635 уюм - Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 594 финансылык-насыялык компаниялар, 15 камсыздандыруу ишканасы жана эки инвестициялык фонд иштеди.

Кыргызстанда валюталык операцияларга коюлган ар кандай чектөөлөр, акча алуудагы комиссиялардан улам банктар каржы институттарынын ичинен эң көп сынга кабылып келет. Жарандар акча которууларды кабыл алуу акысынын жогорулатылганына, накталай акча алуунун кыйындаганына жана накталай долларды сатып ала албай жатканына нааразы. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG