Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Орусиялык дипломаттар Германиядан чыгарылды


Орусия Украинага согуш ачканына каршы Берлинде өткөн акциянын катышуучусу "Москва, үйүңө кет" деген жазууну кармап турат. 19-февраль, 2023-жыл.
Орусия Украинага согуш ачканына каршы Берлинде өткөн акциянын катышуучусу "Москва, үйүңө кет" деген жазууну кармап турат. 19-февраль, 2023-жыл.

Германия бийлиги орусиялык дипломаттарды жапырт мамлекеттен чыгарууда. Deutsche Welle каналы бул “орусиялык тыңчылардын санын азайтуу” максатында жасалганын Германиянын Тышкы иштер министрлигине таянып кабарлады. Reuters агенттиги ишемби күнү Орусиянын өкмөттүк учагынын Берлинге келиши ушул маселеге байланыштуу экенин жазды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да 20дан ашуун немис дипломатын өлкөдөн чыгарып жатканын 22-апрелде маалымдап, бул немис тарап мурдараак кабыл алган ушундай эле чечимге жооп экенин билдирди.

Март айында Focus басылмасы Германия 30дан ашык орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну карап жатканын жазган. Анда немис коопсуздук органдары орусиялыктар дипломатиялык кол тийбестик укугунан пайдаланып, "саботаж иштерин даярдап, жалган маалымат таратуу үчүн кишилерди жалдоодо" деген тыянакка келишкен.

Бир жыл мурун да Германия орусиялык 40 дипломатты персона нон грата деп жарыялаганда Орусия дагы 40 немис дипломатына карата ушундай чечим кабыл алган.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден кийин Москванын Европадагы айрым элчиликтеринде чалгын кызматынын өкүлдөрү иштеп жүргөнү аныкталган. Бир жарым жылдай убакыттан бери АКШ жана Европа мамлекеттери 200дөн ашуун орус дипломаттарын мекенине кайтарды. Алардын жүрүм-туруму “коопсуздук чараларына каршы келгени” белгиленген. Орусия да ушундай жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG