Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Харьковдун дыйканчылык аймактарына ракетадан сокку урулду


Харьковго урулган соккудан кийинки көрүнүш.
Харьковго урулган соккудан кийинки көрүнүш.

Украинанын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов Орусия 23-апрелге караган түнү С-300 ракеталары менен аткылаганын билдирди.

Ал Телеграмга "Харьковдо орус ракеталарынын бири жашылча фабрикасынын аймагында абада жарылганын, күнөскана, цехтин жумушчулары жабыркаганын" жазды. Синегубов Котляры айылында эки үй талкаланып, 10 турак жай зыян тартканын, өрт чыкканын кошумчалады.

Акыркы 24 саатта орус аскерлери Запорожье аймагына да 70ке жакын чабуул жасаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко билдирди. Анын айтымында, чабуулдар ракеталык системалар жана дрондор менен ишке ашырылган. Жарандык объектилер зыян тартып, Степногорск шаарында улгайган киши жарадар болду.

Херсонго соңку бир күн аралыгында 54 жолу чабуул коюлганын, бир адам өлүп, экөө жарадар болгонун жергиликтүү бийлик маалымдады.

21-апрелде Украинанын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин башчысынын орун басары Юрий Аристов согушта турак жайлардын үчтөн биринен көбү жана инфраструктуралык объектилердин төрттөн бир бөлүгү талкаланганын билдирди. Зыян 144 миллиард долларга бааланууда.

Украин армиясы Донецк облусунун Бахмут жана Марьинка шаарларында айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын 23-апрелде маалымдады. Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттун үч кварталын көзөмөлгө алынганын жарыялады. Согушка чейин 70 миң калк жашаган шаар талкаланып калды. Киев бул калаанын көп бөлүгүн орустар басып алганын бышыктаган жок.

"Азаттык" радиосу согуш маалындагы маалыматтарды өз алдынча ыкчам текшере албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG