Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Азербайжан Лачин коридоруна көзөмөл-өткөрмө бекет орнотту


Лачин коридорундагы жол, архивдик сүрөт.
Лачин коридорундагы жол, архивдик сүрөт.

Азербайжан Тоолуу Карабак жана Армения менен байланыштырган Лачин коридоруна көзөмөл бекет орнотту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен Чек ара кызматы кабарлады. Баку Ереванды Тоолуу Карабакка аскерлерди, курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз ташып жатат деп айыптап келет. Анда Армения 2020-жылы Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн үч тараптуу келишимди бузганы жазылган.

"Лачин жолунун башына чек ара көзөмөл бекетин орнотуу менен жолдогу мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, ошону менен катар жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалат",- деп жазылган Азербайжандын ТИМи тараткан билдирүүдө. Анда көзөмөлдүн жаңы жол-жобосу Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү менен бирге ишке ашат деп белгиленген.

Армениянын ТИМи Азербайжанды келишимдин шарттарын одоно бузду деп айыптап, Бакунун аракеттери сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга багытталганын билдирди. Ереван мындан улам Орусия менен Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылды.

"Орусияны үч тараптуу билдирүүнүн алтынчы жобосундагы милдеттемесин акыр-аягы аткарууга, Лачин коридорундагы мыйзамсыз блокаданы жоюуга жана Лачин коридорундагы коопсуздук аймактарынан азери күчтөрүн чыгарууга чакырабыз. Эл аралык коопсуздукту сактоо мандаты бар БУУга мүчө мамлекеттерди Азербайжандын аймактык коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттерин каттап, БУУнун Эл аралык сотунун чечимин шартсыз аткартуу үчүн аракет көрүүгө чакырабыз",- деп айтылат маалыматта.

Кремль соңку жагдай тууралуу комментарий бере элек.

Кошмо Штаттары бул окуяга байланыштуу камтамачылык билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө "көзөмөл бекет орнотуу жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салууга кедергисин тийгизет" деп жазылган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Былтыр сентябрда чек арадагы кагылышууда эки тараптан 300дөй аскер окко учкан.

XS
SM
MD
LG