Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Мексиканын мурдагы президенттик учагы Тажикстанга сатылды


Boeing 787 Dreamliner
Boeing 787 Dreamliner

Мексиканын мамлекет башчысы Андрес Мануэль Лопес Обрадор мурун колдонулган президенттик учакты сатууга жетишкенин айтты.

"Мен Мексиканын элине бүгүн президенттик учакты сатуу келишими түзүлгөнүн билдирем", - деп жазды Лопес Обрадор 20-апрелде Твиттерде.

Расмий маалыматка ылайык, тажик бийлиги президенттик Boeing 787 Dreamliner учагы үчүн 1,7 миллиард песо (92 миллион доллар) төлөгөн.

Тажик бийлиги буга комментарий бере элек. Аны Тажикстандын кайсы авиакомпаниясы сатып алганы азырынча белгисиз.

Америкалык лайнерге 2012-жылы Мексиканын мурдагы башчысы Фелипе Кальдерон буйрутма берип, 220 миллион долларга сатып алынган.

Учак Мексиканы Энрике Пенья Ньето башкарып жатканда, 2016-жылдын февралында келген. Адистердин айтымында, люкс классына кирген лайнер дүйнөнүн мамлекет башчылары колдонгон эң үнөмдүү, заманбап учак деп эсептелинет.

Маалымат каражаттары 80 жүргүнчүгө ылайыкталган учакты сатуу оңой болбогонун жазды. Associated Press агенттиги эми аны 300гө чейин жүргүнчү ташыган кадимки учакка айландыруу үчүн көп каражат кетерин белгиледи.

2019-жылы Мексиканын президенти аны 130 миллион долларга сатууга аракет кылган, бирок аларман табылган эмес. Мексика бийлиги кезинде аны лотереяга тигүүнү да көздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG