Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Мамлекеттик Думанын эки депутаты бир күндө көз жумду


Николой Борцов.
Николой Борцов.

Орусияда Мамлекеттик Думадагы "Единая Россия" фракциясынын эки депутаты бир күндө, 23-апрелде көз жумганы белгилүү болду. Липецк облусунан депутат, 77 жаштагы Николай Борцовдун каза тапканы тууралуу аталган облустун башчысы Игорь Артамонов жекшембиде эртең менен билдирген. Анда эмнеден улам каза болгону айтылган эмес.

Борцов Мамдумада дээрлик 20 жылдай, беш чакырылышта депутат болгон. "Медуза" басылмасы ал "Форбс" басылмасынын тизмесиндеги эң бай адамдардын катарында жүргөнүн, кирешеси өтө көп деген 100 мамлекеттик кызматкердин бири экенин жазды.

Борцов көптөгөн депутаттар сыяктуу эле Орусиянын Украинага каршы согушунан улам АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Мамдуманын дагы бир депутаты, 56 жаштагы Жашарбек Узденовдун көзү өткөнү жекшембиде түштөн кийин маалым болгон. Ал Карачай-Черкес аймагынан шайланган жана 2021-жылы мандат алган. "Единая Россия" фракциясынын башчысы Владимир Васильев ал "оор жана узакка созулган оорудан улам ажал тапканын" билдирди.

Мамдуманын азыркы, 8-чакырылышы ишин 2021-жылы декабрдан тартып баштаган. Ошондон бери 23-апрелге чейин эки депутат көз жумган жана алардын бири ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский болгон.

XS
SM
MD
LG