Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

АКШнын мамкатчысынын орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келди


Дональд Лу.
Дональд Лу.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти кабарлады. Анда Лу сапарынын жүрүшүндө кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу жана аймактык максаттарды ишке ашыруунун андан аркы жүрүшү талкууланары жазылган.

Расмий маалыматта Лунун Кыргызстан менен Тажикстандагы сапары 22-27-апрель күндөрү өтөрү көрсөтүлгөн.

Өткөн айдын аягында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Вашингтондо Дональд Лу менен жолуккан. Анда жыл сайын уюштурулуучу эки тараптуу кеңешменин бешинчи отурумунда саясат, коопсуздук жаатында кызматташуу, экономика, басма сөз эркиндиги, демократия жана мыйзам үстөмдүгү өңдүү маселелер талкууланганы белгиленген.

Жыл башында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек менен Вашингтондун кызматташтыгы тууралуу жаңы келишимди даярдоо иши уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бардыгын билдирген.

Эки өлкөнүн алака-катышы жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Былтыр май айында Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын "Азаттыкка" айтып берип, "Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз", - деп айткан.

2023-жылы октябрда “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо келишим тууралуу “АКШ Кыргызстанды эң күчтүү өнөктөш катары көрөт. Биз бул сүйлөшүүлөрдү улантууга даярбыз. Ар бир суверендүү өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. Кыргызстан да өз өнөктөшүн тандай алат. АКШ ошол өнөктөшү болууга даяр”, - деген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG