Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Кыргызстанда балдардын 76% бала бакчага барбайт


Кыргызстанда 1 млн. 200 миң баланын 24% гана, же болбосо 200 миңи бала бакчага барат. Калган 76% (900 миң бала) бала бакча менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 24-апрелде маалымат жыйында билдирди.

Ал бала бакчага барбаган жеткинчектер жаш курактагы өнүгүүдө артта калып жатканын, бул алардын келечегине терс таасир берерин белгиледи.

“Бул - алардын укугу. Бирок биз азыр колдо бар мүмкүнчүлүк менен алардын баарына бала бакчага барууга шарт түзүп бере албайбыз. Бир гана инфраструктуралык жактан камсыздоо аркылуу эле маселе чечилип калбайт. Ошол себептүү Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондорунда бул багытта пилоттук долбоорду баштап жатабыз”, - деди Чынбаева.

Март айында башталган “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорунун алкагында каалаган жарандар мектепке чейинки билим берүү боюнча кызмат көрсөтө алат. Бул үчүн лицензиянын, чоң имараттын болушу талап кылынбайт. Каалоочулар өзүнүн үйүндө 25 балага чейин, ал эми көп кабаттуу турак жайдын биринчи кабатындагы батирде 10го чейин балага кызмат көрсөтө алат.

Чынбаева бул багытта өткөн аптада арыздарды кабыл ала баштаганын, алар алгач окутуудан өтүп сертификат алышы керектигин, жеке ишкер катары катталганын Бишкек мэриясына билдириши шарт экенин кошумчалады.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын маалыматына ылайык, борбор калаадагы муниципалдык бала бакчаларда 26 миң бала тарбияланып жатат. Электрондук кезекте тургандар да ушундай эле санда.

"Өкмөттүк акселераторлор" программасы - Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү иштеп чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат. Ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек. Бул долбоор 17-мартта башталып, анын биринчи этабында төмөнкү иштерди аткаруу каралган:

  • Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
  • Электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
  • Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү. (TAb)

XS
SM
MD
LG