Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргыз өкмөт өкүлдөрү сүт тууралуу сүйлөшүү үчүн Москвага барды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин 24-апрелдеги жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров сүт маселесине байланыштуу кыргыз өкмөт өкүлдөрү Москва шаарында жүргөнүн билдирди. Анын маалымдашынча, сүйлөшүүлөр 24-апрелде өтөт.

"Сүт боюнча Россельхознадзордун чечими чыккандан бери иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба министринин орун басары учурда Москвада. Ал Россельхознадзордун башчысы менен жолугат. Ал жерде биздин элчи дагы болот. Анын жыйынтыгы менен маалымат берилет. Сүт азыктарынын 73% Казакстанга экспорттойбуз. Калганын Орусияга, Өзбекстанга жөнөтөбүз. Учурда Өзбекстанга экспортту көбөйтүү үчүн иштер жасалып жатат",- деди Алишеров.

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

"Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына 21-апрелден тартып бардык кыргыз өндүрүүчүлөрүнө орусиялык керектөөчүлөргө сүт азыктарын жөнөтүүгө сертификат берүүнү токтотуу керектигин билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сапатты жана коопсуздукту камсыздаган тиешелүү органдардын иши жетиштүү натыйжалуу эместиги аныкталды. Кыргыз ишканаларында чийки зат кайдан алынарын аныктаган система жок. Компаниялар документи жок сүттү алат, ошондой эле өнүм белгиси жок сакталат",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында, 19-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу жыйын өткөргөн. Анда тийиштүү мекеме-министрликтин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырган.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген "Тойбосс" компаниясы дооматты четке каккан.

Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG