Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Севастополь деңиз дрондору менен аткыланганы кабарланды


Севастополь, архивдик сүрөт.
Севастополь, архивдик сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастополь шаары 24-апрелде таңга маал деңиз дрондору менен аткыланды. Бул тууралуу калаанын Москва дайындаган башчысы Михаил Развожаев билдирди.

"Бүгүн саат 3.30дан баштап Севастополго чабуул жасоо аракети болду. Бир дрон атып түшүрүлдү, экинчиси өзү жарылып кетти. Бир дагы объект кыйраган жок. Азыр шаарда абал тынч, бардык күчтөр, кызматтар күжүрмөн даярдыкта турат",- деди Развожаев.

Крым.Реалии басылмасы Севастополдун борбордук бөлүгүндө жардырууга окшош үндөр угулганын жазды. Анда добуштар катуу эмес чыкканы, ракетанын жарылганына окшобогону белгиленген.

Украина деңиз дрондору менен чабуул тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

"Интерфакс" шаардагы Жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү дирекциясына шилтеме кылып деңиз транспортторунун кыймылы убактылуу токтотулганын жазды. Анда себеби көрсөтүлгөн эмес.

Орусия аннексииялап алган Крым жарым аралында дээрлик күнүгө эле жарылуулар угулуп турат. Орус бийлиги анын "украин дрондору" жана абадан коргонуу системалары менен түшүндүрүп келет.

XS
SM
MD
LG