Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Бишкек жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрүн жагуу азаят


Кара-Кече көмүр кени, архивдик сүрөт.
Кара-Кече көмүр кени, архивдик сүрөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) башкы инженери Нурлан Кулжыгачов кабарлады. Анын айтымында, буга чейин ЖЭБде Кара-Кеченин көмүрү, импорттолгон көмүргө караганда көп жагылчу. Быйылтан баштап бул жагдай өзгөрөт.

"Былтыр биз 1,1 миллион тонна жергиликтүү көмүр алганбыз. Калган 400 миң тоннасы импорттук көмүр болчу. Быйыл болсо импорттук көмүрдүн көлөмүн 600 миң тоннага чейин көбөйтүп жатабыз. Жакынкы убакта тендерге чыгарганга аракет кылабыз. ЖЭБде орточо 1,5 миллион тоннага чейин көмүр сарпталат. Кара-Кеченин көмүрүнүн кубаттуулугу аз. ЖЭБ курулганда эле Караганданын көмүрүнө ылайыкташтырылып курулган болчу. ЖЭБ модернизацияланганда Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкташтырылган. Ошондуктан бул көмүрдөн толугу менен баш тартпайбыз",- деди Кулжыгачов.

Буга чейин Бишкектеги ыш көйгөйүнүн бир себеби катары ЖЭБде жагылган сапатсыз көмүр аталган.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров өткөн айдын аягында Бишкек шаардык мэриясында кеңешме өткөрүп, ыш маселесин чечүү үчүн ЖЭБди сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык чыпкасын техникалык аудиттен өткөрүү, калктуу конуштарды газдаштыруунун каржылык үлгүсүн иштеп чыгуу, борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу машинелердин санын көзөмөлгө алуу керектигин белгилеген.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде бир нече жылдан бери Бишкек кыш айларында биринчи сапка чыгат.

Башкалаадагы ыш маселеси акыркы жылдары байма-бай көтөрүлүп келет. 2022-жылы ЮНИСЕФ илимий изилдөө жүргүзүп, ыштан аялдар менен балдардын саламаттыгы өзгөчө зыян тартып жатканын билдирген.

Кыргызстан күз-кыш мезгилине карата жалпысынан үч миллион тоннага жакын көмүр керектейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG