Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Украина: Купянскидеги музейге урулган соккуда киши өмүрү кыйылды


Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Купянск шаарындагы аймак таануу музейинин имараты талкаланып, бир киши каза болду. Дагы он киши жараат алганын Харьков облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди. Каза болгон адам - музейдин кызматкери.

Снегубов сокку С-300 ракетасынан урулган болушу ыктымалдыгын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, согуш кылмыштарын жасагандар ырайымсыз жазаланарын айтты.

Орусия Купянскидеги чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Украинанын чыгышындагы Бахмут, Марьинка жана башка калааларда салгылашуу уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG