Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Жалал-Абадда талапка жооп бербеген машыгуу жайлары жабылды


Жалал-Абад шаарындагы спорттук машыгуу жайларынын жана спорт мектептеринин ишмердүүлүгү менен санитардык абалын текшерүү максатында атайын түзүлгөн комиссия рейд өткөрдү. Бул тууралуу 26-апрелде шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, рейд учурунда ондон ашуун спорт мектеби, машыгуу жайлары текшерилип, машыктыруучулардын адистигин тастыктаган дипломдоруна, санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурулду.

Жыйынтыгында диплому жок машыктыруучулар иштеп жаткан эки спорттук машыгуучу жайы жабылды.

Текшерүүгө Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басар Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн жетекчилиги, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, шаардык ички иштер бөлүмүнүн адистери катышты.

Кыргызстанда соңку жылдары жаштарды спортко машыктырган түрдүү жеке клубдар, борборлор көп ачылууда. Алардын иш сапаты тууралуу маселе парламентте да көтөрүлгөн. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG