Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Күч органдарынын ардагерлери маяна жана турак жай боюнча өкмөткө кайрылды


Күч органдарынын ардагерлеринин акциясы, Бишкек. 27-апрель, 2023-жыл.
Күч органдарынын ардагерлеринин акциясы, Бишкек. 27-апрель, 2023-жыл.

27-апрелде Бишкек шаарындагы Горький атындагы гүлбакта күч органдарынын ардагерлери акцияга чогулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жолдошту.

15тен ашык киши чогулган акциянын катышуучулары маянаны жогорулатууну жана турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылышты.

“Былтыр өкмөт жана президенттин администрациясы 1-апрелден тарта айлык көбөйөт дешкен. Алар учурда кызмат кылып жаткан күч органдарынын кызматкерлерине үстөк акыны гана көбөйтүп коюшту. Эгерде маянаны көтөрүшсө, биз да алмакпыз”, - деди акцияга чыккандардын бири Памир Султанкулов.

Акциянын катышуучулары күч кызматкерлеринин жана ардагерлердин турак жай маселесин чечип берүүсүн да талап кылышты.

Акция жана анда коюлган талаптар боюнча укук коргоо органдары жана Министрлер кабинети жооп бере элек.

Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жыйында депутат Айгүл Айдарова милициянын ардагерлери үй алуу үчүн кезек күткөндөрдүн тизмесине кирбей калганын айтып чыккан. Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов бул маселе каралып жатканын түшүндүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мекеменин 4 миң 500гө жакын кызматкери үйгө муктаж. Үй алуу үчүн кезекке тургандардын саны Бишкек шаарында 1700гө жеткен.

Өкмөт соңку эки жылдан бери Кыргызстанда социалдык жөлөк пул, маяна көбөйтүлүп, аскер, сот жана укук тартибин коргоо кызматкерлеринин эмгек акысынын жаңы деңгээли аныкталганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров алдыдагы үч жылда милиция, прокуратура, УКМК жана Чек ара кызматынын бардык кызматкерлери үчүн ипотекалык үйлөр куруларын февралда айткан.(JEg/TAb)

XS
SM
MD
LG