Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Россельхознадзордун өкүлдөрү лабораторияларды текшерүү үчүн Кыргызстанга келет


Сүттү кайра иштеткен заводдордун бири.
Сүттү кайра иштеткен заводдордун бири.

Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын (Россельхознадзор) өкүлдөрү 3-майда Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттар тобунун жыйынында билдирди.

Жапаров өзү алар менен чогуу Орусияга киргизүүдө маселе болуп жаткан азыктар текшерилген лабораториялардын баарын текшерип чыга турганын айтты.

“Буга чейин 20дан ашык лабораторияга атомдук спектрометрлерди орнотуп, кызматкерлерин окутканбыз. Өткөндө Россельхознадзордун өкүлдөрү барганда лабораториядагы атомдук спектрометр акыркы жолу 2020-жылы иштетилген экен, хроматограф да иштебей туруптур. Буга заттар, тигилер, булар жок деп айтышты дегенинен өзүм да уялып калдым. Бул жерде саясат жок. Алар Кыргызстандын товарларын киргизгенге даярбыз деп жатышат”, - деди Жапаров.

Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген "Тойбосс" компаниясы дооматты четке каккан.

Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлап, аларды Орусияга киргизүүгө убактылуу тыюу салынган. Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Россельхознадзордун адистери өлкөдөгү тогуз балык чарбасын текшерип чыкканын, жакында талапка жооп берген чарбалардын балыктары Орусияга киргизиле баштай турганын билдирген.

Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG