Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Прокуратура "Ысык-Ата" санаториясында 13 млн. сом мыйзамсыз чыгарылганын билдирди


"Ысык-Ата" санаториясы. Башкы прокуратура тараткан сүрөт.
"Ысык-Ата" санаториясы. Башкы прокуратура тараткан сүрөт.

Башкы прокуратура Чүй облусундагы “Ысык-Ата” санаториясында 12 млн. 996 миң 615 сомдук каражатты эсептен мыйзамсыз чыгарганы аныкталганын 28-апрелде билдирди. Анда Ысык-Ата райондук прокуратурасынын кызматкерлери санаторияны текшерген учурда мекеменин мурдагы директору жана айрык кызматкер жеке ишкерлер менен бирге ушундай кылмышка барганы аныкталганы айтылат.

Андан тышкары, эмеректерди кымбат баада сатып алуу боюнча келишимдерди түзүшүп, санаторияга 1 млн. 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козгоп, тергөө жүрүүдө.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде ушул сыяктуу кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен ири көлөмдөгү чыгым алып келген деген шек менен иш козголгон учурлар маал-маалы менен катталып турат.

Башкы прокуратура былтыр түрдүү кылмыштардын негизинде мамлекетке жалпы 7 миллиард 906 миллион 713 700 сомдук зыян келтирилгенин билдирген. Мунун ичинен 5 миллиард 562 миллион 80 миң 437 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Мамлекетке кайтарылган акчанын 4 миллиард 296 миллион 72 миң 463 сом прокуратура тарабынан, 25 миллион 489 525 сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 1 миллиард 240 миллион 518 452 сом өндүрүлгөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG