Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Баткенде мечиттерде чек ара жаңжалында курман болгондор эскерилди


Чек ара жаңжалында өттөлгөн үй. Баткен. 2022-жыл.
Чек ара жаңжалында өттөлгөн үй. Баткен. 2022-жыл.

Баткен облусунун мечиттеринде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго багышталып куран окулду. Курман болгондор облуста расмий эскерилген жок.

Мындан эки жыл мурда 28-апрелде болгон куралдуу кагылышта Кыргызстандын 36 жараны курман болгон. Көбү жай тургундарды түзгөн маркумдар арасында балдар да бар.

Бул күнгө байланыштуу өлкө президенти Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

Анда өлкө 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечиргени айтылат. Мындай окуялардын кайталанбашы, эгемен өлкөнүн бүтүндүгү жана калктын бакубат жашоосу үчүн болгон мүмкүнчүлүк жумшалары белгиленген.

2021-жылы 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жарат алгандар арасында азырга чейин төшөктө жаткандар да бар. Жаңжалда 136 үй, мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө кандуу кагылыш үчүн бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Бир жылдан кийин, 14-17-сентябрдагы эки өлкө ортосундагы жаңжал кайталанган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган кандуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 206 киши ар кандай жараат алган. 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 километри такталганын эки өлкөнүн тең президенттери билдирген. Быйыл 17-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин, иш жай жүрүп жатканын белгилеген.

Калган талаштуу делген 290 чакырым боюнча орток пикир табыла элек.(JsA)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG