Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Зеленский контрчабуул ийгиликтүү болорун айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн бери айтылып келе жаткан контрчабуул ийгиликтүү болорун жана ал Орусия басып турган украин аймактарынын бошотулушуна алып келерин 29-апрелде чет элдик журналисттерге курган кезектеги маегинде айтты. Интервьюга Финляндия, Швеция, Дания жана Норвегия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Зеленский ошону менен катар Украинаны тийиштүү курал-жарак менен жабдуу маселеси актуалдуу экенин белгилеп, “Мен качан жана кандайча болорун айтууга азыр даяр эмесмин. Ооба, көбү биздин өзүбүзгө жараша болот, бирок тигил же бул курал-жаракты жөнөтүүдө көп деталдар бар. Биз болушунча көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап калгыбыз келет, ошондуктан чечүүчү ролду курал-жарак ойнойт”, - деп айтты.

Украин президенти эгер курал-жарак жетиштүү болбосо согуш ондогон жылдарга уланышы ыктымал экендигин белгиледи.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралына кол салган жана муну атайын аскердик операция деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG