Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Өзбекстанда шайлоочулардын 90% Конституцияны өзгөртүүнү колдоду


Өзбекстанда 30-апрелде өткөн референдумда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берген жарандардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Зайниддин Низомхожаев билдирди.

Анын айтымында, референдумда 16 673 189 киши же жалпы катталган шайлоочулардын 84,54% добуш берди. Бюллетендердин 0,49% жараксыз деп табылды.

БШК төрагасы референдум толугу менен эл аралык стандарттарга жана Өзбекстандын мыйзамдарына шайкеш өткөнүн билдирди.

2022-жылы июлда Каракалпак жумуриятында автономиянын өз алдынча болуу укугунан ажыраткан Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн улам нааразылык акциялары башталган. Коңшу өлкөнүн күч органдары аларды аябастан басып, кан төгүлүп, кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылган. Ондогон киши камакка алынган.

Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр андан сырткары, өлүм жазасын жок кылуу, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан жаранга укуктук жардамды кеңейтүү сыяктуу беренелерди камтыйт.

Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG