Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Govori TV кабарчысына сотто күч колдонуу болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте сот кызматкерлери журналистке күч колдонгонун бүгүн 2-майда Govori TV порталынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди. Анын айтымында, аталган порталдын кабарчысы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, чыгарып салышты.

Урумканова окуя кабарчы видео камерасын иштете элек учурда болгонун белгилеп, “формачан адамдар өзүн тааныштырбастан, себебин түшүндүрбөстөн” ушундай кадамга барышканын айтты.

Сот мекемеси азырынча комментарий бере элек.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандарды абакта кармоо мөөнөтү боюнча маселени карап баштады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр күзүндө кармалып, Бишкетин тергөө абагына камалган. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Камалгандардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG