Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

"Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу боюнча сунушу четке кагылды


Адахан Мадумаров менен Акылбек Жапаров.
Адахан Мадумаров менен Акылбек Жапаров.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке какты.

Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын консультанты Мирбек Мунарбек уулу билдиргендей, комитет бул маселени 28-апрелде кезексиз жыйында караган.

“Тармактык комитеттен чечимди четке кагуу сунушун депутат Жусупбек Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан кабыл алынган. Комитеттин отурумуна жети депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес”.

“Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

Сөз болгон беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

Министрлер кабинети ушул беренени чечмелеп берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылганы Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгон. Конституциялык сот бул беренени чечмелөө боюнча 19-апрелде чечим кабыл алды. Анда “пенсиянын, жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын көлөмү экономиканын абалынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды экенин” белгилеп, жогорудагы берене “кынтыксыз аткарыла турган милдеттеме эмес” деп тапкан. Соттук коллегия беренедеги бул пункттагы айтылган нерсе “мамлекеттин конституциялык деңгээлде бекитилген максаты жана мүдөөсү катары каралышы керек” деп эсептей турганын билдирген.

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын биринчи кварталындагы базар бааларынын негизинде жашоо минимумун 7 миң 501 сом деп чыгарган. Азыркы учурда пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдын эң төмөнкү көлөмү мындан аз. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG