Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Соттун имаратында журналист кабылган окуя боюнча маалымат берилди


Окуя учурунда тартылган видео.
Окуя учурунда тартылган видео.

Жогорку Соттун Сот департаменти 2-майда Бишкек шаардык сотунда журналист кабылган окуя боюнча комментарий берди. Мекеме тараткан маалыматта кабарчы конвойдун имараттын короосунда турган машинасын видеого тартып, башкаларга тоскоолдук жаратканы, соттун тартип сакчыларына кыйкырып, чыр чыгарганы айтылды.

“Тийиштүү кызматкерлерден рапорт алынды, тарап жаткан видео материал жана документтер изилденүүдө. Бул окуя боюнча кызматык териштирүү жүргүзүлөт”, - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Окуяга күбө болгон журналисттер Govori TVнын ал кабарчысы эч кимге тоскоолдук жаратпаганын, чырга себепкер болбогонун жазып чыгышты.

Кабарчы Гүлназ Мидинова ага күч колдонулганын айтып Сот департаментине, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганын маалымдады жана "Фейсбуктагы" баракчасына "... журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу менен отурум баштала электигине карабай, күчкө салып, эркиме каршы сот залынан сүйрөп чыгарышты" деп жазды.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандарды абакта кармоо мөөнөтү боюнча маселе каралууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG