Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Чаткалда күчү 4,5 жарым баллга жеткен жер титирөө болду


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2-майда жер титиреди. Силкинүүнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында катталып, күчү 4,5 баллга жетти. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Райондун эл жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү 3-3,5 балл сезилди.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Күчү очогунда 4,5 баллга жеткен силкинүү 12-апрелде Ысык-Көлдө катталган.

23-мартта Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында күчү 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

21-мартта очогу Ооганстанда болгон катуу жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда да сезилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG