Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Шольц: Германиянын куралы Орусияга сокку уруу үчүн колдонулбашы керек


Германия канцлери Олаф Шольц
Германия канцлери Олаф Шольц

Украина Германиядан келген куралды Орусия аймагын аткылоо үчүн колдонбошу керек. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц билдирди.

Германия өкмөтүнүн башчысы Украинаны курал менен камсыз кылып жаткан башка Батыш өлкөлөрү да Киевге ушундай эле талап койгонун белгиледи. Шольцтун айтымында, Украина жардамга муктаж, бирок бул НАТОнун катышуусу менен уруштун курчушуна алып келбөөгө тийиш.

Кошмо Штаттар да Американын куралы Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонулбашы керектигин билдирген.

Буга чейин Шольц жаңжалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө зарылдыгын айтып, Украинага истребителдер берилбей турганын кабарлаган.

Москва эгер аннексияланган Крым чабуулга кабылса, куралдын бардык түрүн колдонууга даяр экенин эскертип келет.

НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылынган аскердик техниканын 98% ашыгын жөнөткөнүн Түндүк Атлантика альянсынын башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирген.

“Бул 1550дөн ашык брондолгон унаа, 230 танк жана башка техника, анын ичинде өтө көп ок-дарылар бар”, - деди ал.

Орус бийлиги НАТО Украинага курал жеткирүү менен “от менен ойноп жатканын” айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG