Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Тогуз ай директорсуз иштеп келген “Сулайман-Тоого” жетекчи дайындалды


Тогуз айдан бери директорсуз иштеп келген “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине жаңы жетекчи дайындалды. 3-майда жаңы директор Гүлбара Абдыкалыкова мекеменин эмгек жамаатына расмий тааныштырылды.

42 жаштагы Абдыкалыкова 2020-2022-жылдары Улуттук тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген, ага чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде башкы адис, Улуттук көркөм сүрөт өнөрү музейинде маркетинг бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Комплекске тогуз айдан бери жетекчи дайындалбай келген себеби атайын талаптарга туура келүүчү кадрды тандоо зарылчылыгына байланыштуу болгонун «Азаттыка» маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Эки жыл мурда бул маданий жайда үч милилон сомдон ашык акчанын дайыны чыкпай жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн.

Комплексти 2018-жылдан 2022-жылдын июлуна чейин жетектеп келген буга чейинки директор Султан Абдырахмановдун тушунда кызматкерлер менен пикир келишпестик бар экени тууралуу кабарлар чыккан.

“Сулайман-Тоодо” жүзгө чукул кызматкер эмгектенет. Бул тарыхый жай 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG