Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АКШнын элчиси Тажикстанды сөз эркиндигин сыйлоого жана ЖМКга колдоо көрсөтүүгө чакырды


Мануэл Микаллер (ортодо) Тажикстандагы жыйында.
Мануэл Микаллер (ортодо) Тажикстандагы жыйында.

АКШнын Тажикстандагы элчиси Мануэл Микаллер тажик өкмөтүн сөз эркиндигин сыйлоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу элчи 3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Дүйшөмбүдө өткөн иш-чарада билдирди.

"Көз карандысыз ЖМКлар демократияны өнүктүрүүдө, жемкорлукка каршы күрөшүүдө жана коомго туура маалымат берүүдө чынында эле маанилүү ролду ойнойт. Сөз эркиндиги – америкалык гана баалуулук эмес, ал бүткүл дүйнөнүн баалуулугу", – деди Микаллер.

Элчи былтыр Тажикстанда бир нече журналист кармалып, жабык соттук отурумдарда узак мөөнөттөргө соттолгонун белгиледи. Анын айтымында, журналисттер менен маалымат каражаттары кесиптик милдетин аткарганы үчүн басымга жана коркутууга кабылбашы керек.

Иш-чарага катышкан Тажикстандын Маданият министрлигинин өкүлү Рахмонали Шералиев өлкөдө ЖМКнын өнүгүшү үчүн "бардык укуктук негиздер бар экенин жана тиешелүү шарттар түзүлгөнүн" билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Зарина Исмоилзода Тажикстандагы ЖМКлардын 75% көз карандысыз, 25% гана мамлекеттик экенин айтты. Ал өлкөдө чет өлкөлүк ЖМКлардын 60 журналисти аккредитациядан өткөнүн кошумчалады.

Ошол эле маалда "Озоди" радиосунун журналисттери бир нече жылдан бери Тажикстанда аккредитация алууда кыйынчылыктарга кабылып келишет.

Тажикстанда былтыр "тыюу салынган уюмдарга мүчө болуу" айыбы менен сегиз блогер жана журналист кармалып, алардын жетөө узак мөөнөттөргө соттолгон. Кармалгандардын баары тагылган айыптарды четке кагышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG