Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Белградда мектептеги куралдуу кол салууда бери дегенде он киши каза болду


Окуя болгон жер. 3-май, 2023-жыл.
Окуя болгон жер. 3-май, 2023-жыл.

Сербиянын борбору Белград шаарындагы мектепте 7-класстын окуучусунун куралдуу кол салуусунан бери дегенде 10 киши киши набыт болду.

"Новости" басылмасы 3-майдагы окуяда сегиз окуучу, бир кароолчу каза болгонун кабарлады. Informer жана B92 басылмалары бир мугалим да окко учканын жазды. Түрдүү булактарда жетиден 16га чейин адам жараат алганы айтылды.

Ок аткан 14 жаштагы бала кармалды. Жанынан эки тапанча жана "Молотов" коктейлдери салынган рюкзак табылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал маңзат колдонгон абалда болгон.

Төрт жыл мурун Белграддан 100 чакырымдай алыстагы Велика-Плана шаарындагы орто мектепте ок атышуу болгон, анда эч ким жабыркаган эмес.

1990-жылдардагы Балкан согушунан кийин элдин колунда көп сандагы ок атуучу куралдар калганын "Би-Би-Синин" орус кызматы жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG