Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Херсондо гипермаркетке урулган соккудан үч адам каза болду


Украинанын Херсон шаарында иштеп жаткан жалгыз гипермаркетке урулган соккуда үч киши каза болуп, бешөө жарадар болду. Бул тууралуу 3-майда Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди. Расмий маалыматка ылайык, каза болгондор жана жабыркагандар дүкөндүн кардарлары жана ошол жерде иштеген кишилер.

Сокку урулган "Эпицентр" гипермаркети Днепр дарыясына жакын жайгашкан. Азыр Днепрдин бою фронт линиясы деп саналат.

Украина бийлиги Херсондо 5-майдын кечинен 8-майдын таңына чейин 58 саат комменданттык саат жарыялады. Херсон администрациясынын башчысы Александр Прокудин бул укук коргоо органдарынын ишинде жардам берүү максатындагы чечим экенин билдирди.

Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.

Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG