Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды


Согуш ардагерлери. 2019-жылдагы архивдик сүрөт.
Согуш ардагерлери. 2019-жылдагы архивдик сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен 64 адам калды. Бул тууралуу 3-майда “Азаттык” радиосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу. Жыл сайын ардагерлердин катары суюлуп жатат.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.

Бүгүн өкмөттө өткөн жыйында Жеңиш күнүн майрамдоого даярдык талкууланды. Анда кезектеги “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулары, ал эми митинг-реквиемге Министрлер кабинетинин төрагасы катышары айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG