Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Беларус соту Роман Протасевичти сегиз жылга эркинен ажыратты


Роман Протасевич
Роман Протасевич

Беларус соту оппозициялык NEXTA Телеграм каналынын негиздөөчүлөрүнүн бири Роман Протасевичти сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматы 3-майда билдирди. Прокуратура аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.

NEXTA иши менен дагы эки айыпталуучуга сыртынан өкүм чыгарылды. Степан Путило 20 жылга, Ян Рудик 19 жылга эркинен ажыратылды.

Тергөөнүн маалыматында Протасевич, Путило жана Рудик кеминде 1586 кылмыш жасаган деп айтылат. Арасында социалдык кастыкты козутуу, жапырт башаламандык уюштуруу, бийликти басып алууга чакырык жасоо, террордук актылар, экстремисттерди жетектөө, президентти каралоо жана эл алдында мазактоо жана башкалар бар.

Буга чейин Протасевич "күнөөсүн толугу менен моюнуна алганы" маалымдалган.

NEXTA каналы 2020-жылдагы Беларустагы нааразылык акцияларын чагылдырган белгилүү аянтча болгон.

2021-жылдын 23-майында Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега Афиныдан Вилньюска бараткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулгандан кийин кармалган. Сапега алты жылга жатак абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG