Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Путиндин басма сөз кызматы Кремлге сокку уруу аракети болгонун билдирди


3-майга караган түнү эки украиналык дрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Орус медиасы дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын кабарлады. Маалыматка караганда, эч ким жабыркаган эмес жана Путиндин иш жадыбалы өзгөргөн жок.

Киев азырынча комментарий бере элек.

"Соседи. Якинманка-Замоскворечье" Телеграм каналы Кремлдин маңдайындагы Серафимович көчөсүнүн тургундары катуу добуш укканын кабарлады. Жашоочулар асманда учкундарды жана Кремлдин дубалынын жанында кол чырак кармаган кишилер жүргөнүн көрүшкөн.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "дрон чабуул койгондо Путин Кремлде болбогонун айтып", ал "Ново-Огарево" резиденциясында иштеп жатканын билдирди.

"Кремлди бутага алды" деген дрондор кандай көлөмдө жана кандай моделде экенин, алар кайдан учурулганын жана Москванын борборуна кандайча багытталганын орус бийлиги азырынча түшүндүрө элек.

XS
SM
MD
LG