Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:09

Журналистке күч колдонулган окуя боюнча жолугушуу өттү


Жолугушуудан тартылган сүрөт.
Жолугушуудан тартылган сүрөт.

Govori TV порталынын кабарчысына күч колдонгон соттук тартип сакчылары тартип жазасына тартылмай болгонун бүгүн 3-майда аталган медианын жетекчиси Кайрыгүл Урумканова маалымдады. Анын айтымында, бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев жана тартип сакчыларынын жетекчилиги менен жолугушууда Соттор кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова билдирди.

Каримова, Урумканованын айтымында, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөнүн кабарлап, райондук милицияга жазылган арызды кайра кайтарып алууну өтүндү, ал эми соттук тартип сакчыларынын жетекчилиги кызматкерлеринин “туура эмес аракети” үчүн кечирим сурады.

“Нурбек Эсеналиев соттук тартип сакчылары журналистти сот имаратынан колунан тартып чыгарып салууга укугу болбогонун, бул үчүн күнөөсү бар экенин, бирок, жалпысынан алып караганда, алар тартипти сактоо тууралуу нускаманын негизинде иш алып барганын айтты. Биз аларды кечиргенибизди айтып, арызыбызды кайтарып алыш үчүн райондук милицияга бардык. Бирок тосмо арызды биз Сот департаментинин эки кызматкерди жазалоо тууралуу токтому чыккандан кийин гана бере алат экенбиз”, - деп жазды Урумканова “Фейсбуктагы” баракчасына.

Ошону менен катар Урумканова эч ким журналистке ишин жүргүзүүгө тоскоолдук жарата албай турганы мыйзам менен кепилденгенин кошумчалады.

Govori TV порталынын кабарчысы Гүлназ Мидинова кабылган окуя 2-майда Бишкек шаардык сотунда болгон. Мидинова ага күч колдонулганын айтып, Сот департаментине, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганын маалымдаган жана "Фейсбуктагы" баракчасына "... журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу менен отурум баштала электигине карабай, күчкө салып, сот залынан эркиме каршы сүйрөп чыгарышты" деп жазган.

Бул күнү Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандарды абакта кармоо мөөнөтү боюнча маселе каралып жаткан.

Жогорку Соттун Сот департаменти кабарчы конвойдун имараттын короосунда турган машинасын видеого тартып, башкаларга тоскоолдук жаратканын, соттун тартип сакчыларына кыйкырып, чыр чыгарганын билдирген.

Бирок окуяга күбө болгон журналисттер Govori TVнын ал кабарчысы эч кимге тоскоолдук жаратпаганын, чырга себепкер болбогонун жазып чыгышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG