Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Молдованын соту Марина Тауберди 20 суткага үй камагына чыгарды


Марина Таубер
Марина Таубер

Молдовада сот орусиячыл “Шор” партиясынын төрагасынын орун басары Марина Тауберди 20 суткага үй камагына чыгарды. Бул тууралуу NewsMaker билдирди.

Ал 1-майда өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып жатканда Кишеновдогу аэропортто колго түшкөнүн Коррупцияга каршы прокуратура кабарлаган. Таубер Стамбул аркылуу Тель-Авивге кетүүнү көздөгөнү айтылган.

Прокуратура аны оппозициялык “Шор” партиясын мыйзамсыз каржылоого катышы бар деген айып менен алгач былтыр июлда кармаган. Эки ай камакта жаткандан кийин эч жакка чыкпоо шарты менен абактан чыккан. Өзүнө коюлган айыптарды четке каккан Таубер Израилге дарыланууга кетип жатканын билдирүүдө.

Партияны 2019-жылдан Израилде жүргөн саясатчы жана бизнесмен Илан Шор колдойт. Ал каржылык кылмыштарга байланыштуу сыртынан соттолгон. Израил бийлиги аны Молдовага өткөрүп берген эмес. Былтыр АКШ Шорго санкция салган.

Молдовада батышчыл өкмөт Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө умтулуп жатканда оппозициянын нааразылык акциялары күчөп, өлкөдө чыңалуу күч алууда.

Молдованын президенти Мая Санду өткөн айда Орусия өлкөдөгү бийликти алмаштырып, өкмөткө өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал өлкөнү дестабилдештирүү планы Орусияда иштелип чыкканын, бул тууралуу украин атайын кызматтары маалымат бергенин айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү негизсиз жана далилсиз деп атаган.

Молдованын жикчил Приднестровье аймагында 400-500дөй орус аскери бар. Алар 1992-жылкы согуштан кийин бейпил күчтөрүнүн ролунда калтырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG