Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Украинада Киев баштаган бир катар аймактарда абадан эскертүү берилүүдө


Украинадагы чоң шаарларда коркунуч тууралуу эскертилгенде адатта тургундар метродо жан сакташат.
Украинадагы чоң шаарларда коркунуч тууралуу эскертилгенде адатта тургундар метродо жан сакташат.

Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында 3-майда саат 16:30дар чамасында абадан эскертүү жарыяланды.

Коркунуч тууралуу эскертүү борбордук аймактан тышкары, Днепропетровск, Харьков, Чернигов, Кировоград, Полтава, Сумы, Черкассы жана Запорожье облустарында угулганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Абадан эскертүү улам башка аймактарга жайылып, бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранууда.

Таңга маал украин президентинин кеңсеси "Орусия ачыктан-ачык масштабдуу террордук акт даярдап жатканын" эскерткен.

3-майга караган түнү Киев шаары учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылган. Шаарда жана ага жакын жайгашкан облустарда абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилген.

Ушул эле түнү Кремлге украиналык дрондор чабуул коюп, алардын мизи кайтарылганын Орусиянын президентинин басма сөз кызматы маалымдаган. Киев бул чабуулга Украинанын тиешеси жоктугун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG