Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси алмашты


Марат Пирназаров
Марат Пирназаров

Кыргызстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Марат Пирназаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-майда кол койду.

Пирназаров буга чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Буга чейин аталган кызматта Улан Сарбанов иштеп келген. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жетекчи болуп банктын директорлор кеңешинин 18-апрелдеги жыйынында бекитилген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG